Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:41
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Базар-Коргондо өспүрүмдөрдүн чет өлкөгө чыгышына макулдук берген жасалма нотариус аныкталды

Базар-Коргондо өспүрүмдөрдүн чет өлкөгө чыгышына макулдук берген жасалма нотариус аныкталды

Базар-Коргон нотариалдык округунун мурдагы жеке нотариусу нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдоо фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.


  Маалым болгондой,  Кыргыз Республикасынын УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 8-февралында КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгүндө (Документтердин жасалмасын жасоо) каралган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мурдагы жеке нотариусу С.У.Р. нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдоо жана жасалмалоо фактысы менен кармалды.

      "Чет элдик паспорт алуу үчүн нотариалдык документтерди мыйзамсыз каттоого жана берүүгө, андан кийин ата-энесинин макулдугусуз жашы жете элек балдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга авиакассалардын, адвокатуралардын жана жеке нотариустардын айрым кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги аныкталды.

        С.У.Р.нун жашаган жери боюнча тинтүү иштеринин жүрүшүндө 233 даана бош нотариалдык документтердин бланктары, жеке нотариустардын расмий мөөр басылган 13 даана бланктары, 1 даана расмий мөөр басылган бош кагаз, 17 даана жеке нотариустардын мөөрү басылган ишеним кат, 526 миң сом жана 2500 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акчалар, жеке компьютер, лазердик принтер, жеке нотариустардын биринин расмий мөөрү, ошондой эле акча которуулардын квитанциясы табылып, алынган",- деп айтылат маалыматта.

     


  Ошондой эле, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун авиакассаларынын кызматкерлери, адвокаттар жана жеке нотариустар тарабынан расмий документтерди жасалмалоо жана берүү фактыларынын туруктуу схемасы аныкталып, аларга карата текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

        Тергөө иштери уланууда.


       

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн