Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:59
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Базар-Коргондо уюшкан кылмыштуу топтун "Баха" аттуу мүчөсү кармалды

02.10.2020 09:23
847
Базар-Коргондо уюшкан кылмыштуу топтун "Баха" аттуу мүчөсү кармалды

Базар-Коргон районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 22-сентябрь күнү милицияга Базар-Коргон районунун 1960-жылы туулган А.Ш.аттуу тургуну арыз жазган. Ал өз арызында 2020-жылдын 19-март күнү Базар-Коргон районунун аймагында "Баха" аттуу жаран “Бирөөдөгү карызыңды өндүрүп беремин жана тендерге байланыштуу иштериңерди силердин пайданарга чечип берем” деп ишеничине кирип, ишеничинен кыянаттык менен пайдаланып, 110 миң сом акчасын алдап алып, убада кылган иштерин бүтүрбөй же акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.

Аталган факты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу А.Ш.: - “Баха” аттуу бала бирөөдөн ала албай жүргөн 200 миң сом акчаңызды өндүрүп берем жана сиз утулуп калган тендерди сиздин пайдаңызга чечип берем, мен Жалал-Абаддагы зонанын "смотрящийи" менен сүйлөшүп чыктым, ал "добро" берди деп, менден 110 миң сом акча бересиз, менин көчө балдарым бар, аларга бир “Жигули” машина алып бериш керек, ары-бери чапкылап, движение кылганы дегендигин жана ага ошол 110 миң сом акчаны 2020-жылдын 19-март күнү Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында бергендигин көрсөткөн. Ошондой эле кийинчерээк ал телефонун албай менин иштеримди бүтүрбөй же мага акчамды кайра кайтарып бербей койгондуктан аргасыздан милицияга арыз менен кайрылдым деп билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча берилген тергөө тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, “Баха” аттуу атуул Базар-Коргон районунун тургуну, мурда Россия Федерациясынын аймагында жана КРнын КЖКнын 167-бер ("Тоноо") менен соттолгон, 1981-жылкы А.Б. экендиги аныкталган. Ал криминалдык идеологияны колдоп, ошондой эле мурда соттолгондор менен тыгыз байланышта болуп жатканы үчүн, крим-чөйрөдө “Баха Базар-Коргонский” деп таанышкандыгы такталган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, А.Б. 2010-жылдан тартып ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары (Мыйзамдагы ууру К.Көлбаевтин уюшулган кылмыштуу тобуна кирет) каттоодо турган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн