Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:54
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Базар-Коргондо COVID-19дун алдын алуу иштери жүрүүдө

13.10.2020 12:29
990
Базар-Коргондо COVID-19дун алдын алуу иштери жүрүүдө

  • Базар-Коргон РИИБдин өздүк курамы тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

  • Маалыматка караганда, район аймагында COVID-19дун жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча райондук ыкчам штабдын мүчөлөрү менен бирге түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

  • Жугуштуу оорунун калктын арасында жайылып кетүүсүн болтурбооо максатында 1 базар жана 10 чоң соода түйүндөрүнүн санитардык эрежелери текшерилди.


  • "12-октябрь күнү райондук санэпидстанция кызматкерлери тарабынан Базар-Коргондун борбордук базары толугу менен дезинфекциядан өткөрүлдү. Ошондой эле 7 соода борборлорунда жана 12 майда соода дүкөндөрүндө дезинфекция иштери жүргүзүлдү.  Мындан сырткары милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен кызматкерлер калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. К.Бегимкулов көчөсүндө жайгашкан көп кабатуу үйлөрдүн тургундарына айыл башчы менен биргеликте санитардык нормалардын сакталышы эскертилди. Жарандарга жеке гигиенаны сактоосу жана тиешелүү медициналык каражаттарды жанына алып жүрүү зарылдыгы жеткирилди", - деп айтылат маалыматта. 
  •   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн