Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эле эмес дүйнөдө темирдин баасы кымбаттады. Айрыкча өлкөдөгү темирди кайра иштеткен заводдордо “кара металл” тартыш болуп, анын баасы 50 сомго чейин бааланууда. Мындай учурду пайдаланып үйрөнгөн алып-сатарлар айылдарга чейин кыдырып, темир жыйнап жүрөт.
Бишкекте болсо башка жумуш жок калгансып темир тосмолорду жыйнай баштады. “Бишкек башкы архитектурасы” жергиликтүү бийликтер менен чогуу “бүтүндү бүлүндүрүп”, борбор калаага көрк берип турган тосмолорду чогултууда. Маселен, ЦУМдун маңдайында адамдар жөлөнүп туруучу, ошол айланасынын ажарын ачып келген тосмолорду бүгүн жынай башталы.
Эмне, Бишкекте андан башка проблема калган жокпу? Бул тосмолорду бузууга, чогултууга, аны жеткирүүгө өтө чоң каражат кетет, ондогон кызматкерлер ага убактысын коротот. Кар кеткенден кийин “кебетеси келишип” калган Бишкекте бүтүн буюмду бузгандар башка жумуш жок калдыбы? Борбордун чок ортосунун эле эмес, канчалаган жаңы конуштардын абалы кейиштүү. Ушундай учурда “Бишкек башкы архитектурасы” эмне үчүн “кычап” жатат? Темирдин баасынын кымбатташы алардын жетекчилерин уктатпай жатабы? Эптеп эле аны чогултуп, “списание” кылып, тендер өткөрүмүш болуп, арзан сатып миллиондорду жейли деп көздөрү кызарып турабы? Жаңы мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов бул маселеге чекит коюшу керек. Башка жумуш калбай калса да бүтүндү бүлүндүрбөсүн да! Жаратмандык менен иштебейби, кайсы жактан ачак жештин жолун ойлоп таба бербей!
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн