Мамлекеттик Бажы кызматы 2020-жылдын 10 айында 9 миллирад сомдук планды аткарган эмес. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасынын орун басары ЖКнын транспорт жана архитектуралык курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Орун басардын айтымында, 2020-жылдын 10 айында Бажы кызматына 21,7 миллиард сом түшкөн. Ал эми планда 10 айда 30 миллиард түшүүсү көрсөтүлгөн.
"Бажыга түшкөн каражаттын 65% Кытайдан келген товарлардан түшөт. Пандемияга байланыштуу план кескин төмөндөдү",- деп билдирди төраганын орун басары.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн