Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 04:15
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бажы кызматы: Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген жол тандабас аныкталды

03.04.2024 09:28
86
Бажы кызматы: Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген жол тандабас аныкталды


Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген жол тандабас аныкталды, келтирилген зыяндын суммасы 2 млн сомдон ашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЕАЭБ аймагына каттоосун жана ташып келүү мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү документтери жок КР жараны Д.И.Д. башкаруусундагы Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Автоунаа Литвадан сатылып алынганы, андан кийин ажыратылып, Кыргызстанга бөлүктөр менен эки жумалык аралыкта жөнөтүлгөндөн соң камдык бөлүктөр катары бажыдан таризделгени аныкталган.

Андан ары 2024-жылдын 25-февралында Д.И.Д. бул унааны техникалык тейлөө станциясында мыйзамсыз чогулткан.

Ошентип, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 2 млн 298 миң 240 сомду түздү.

Учурда аталган факты тиешелүү органда каттоого алынып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн