Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 12:32
USD
85.65
86.15
EUR
93.20
94.20
RUB
0.880
0.915

Бажы кызматы Кыргызстанга унаа ташыган тараптар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, мамлекетке олуттуу зыян келтирген

25.01.2022 09:44
794
Бажы кызматы Кыргызстанга унаа ташыган тараптар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, мамлекетке олуттуу зыян келтирген

Башкы прокуратура тарабынан ишкерлердин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүү фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында республиканын аймагына алынып келинген транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоонун мыйзамдуулугу текшерүүгө алынган.   Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүү учурунда, бажы органдарынын кызмат адамдары транспорт каражаттарын ташыган тараптар менен укукка жат туруктуу байланышта болушуп, материалдык каражат жана артыкчылыктарды табуу максатында, Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен 2019-жылы өлкө аймагына келген автобустарды төмөндөтүлгөн тарифтерди колдонуу менен мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөндүгү аныкталган.


Белгиленген мыйзамсыз аракеттерден улам республиканын бюджетине 170 млн. сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгендиги такталды.


Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн