Мамлекеттик бажы кызматы Кытайдан жүк ташуучу унааларды ташып келүүдө документти жасалмалоо фактыларын аныктады.
Ведомстводон билдиришкендей, документтерди жасалмалоо фактылары Кытайдан Кыргызстандын субъекттерине келген жүк ташуучу унааларды - HOWO үлгүсүндөгү сүйрөгүчтөрдү декларациялоодо аныкталган.
Контрабандага, баңгизат бизнесине жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн айрым катышуучулары бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында алдамчылык аракеттерге барганы аныкталды. Тактап айтканда, заводдук стикерлерди алмаштыруу жана жалган документтерди көрсөтүү ыкмалары колдонулуп, натыйжада унаалардын чыгарылган жылдары атайылап жогорулатылган. Бул бажы наркын эсептөөгө таасирин тийгизип, төлөнүүчү бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн азайткан.
Мамлекеттик бюджетке 13,7 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Иштин материалдары Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн