Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бажы кызматы: Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген унаа кармалды

06.01.2021 11:57
715
Бажы кызматы: Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген унаа кармалды

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген унаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери “Достук” өткөрмө пунктунда 2008-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Hyundai Grand Starex” маркасындагы унааны мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныкташты.

Унаанын кузов номери менен каттоо күбөлүгүндөгү номер дал келбей, анын документтери жасалма болгондугу аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн