Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бажы кызматынын төрагалыгына мурдагы жетекчиси кайтып келди

21.01.2022 08:59
1077
Бажы кызматынын төрагалыгына мурдагы жетекчиси кайтып келди

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Самат Исабеков Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.


Исабековду Бажы кызматынын эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тааныштырды.


Исабеков буга чейин Бажы кызматын жетектеген. Ал өткөн жылы 7-июнда ошол кездеги өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буйругу менен Бажы кызматынын төрагасы кызматына дайындалган. Бирок октябрь айында кайра кызматтан алынган болчу.


Ал эми Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип, УКМКнын абагына камалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн