Бир эки министр, эки-үч чиновниктин шалаакылыгы болсо унчукпайт элем. Азыр бүтүндөй бир мамлекеттик маанилүү тармактын шалаакылыгы өлкөдөгү өнөр жай тармагына залалын тийгизип жатканын көрүп чыдай албай кетет экенсиң.
Айлантпай аныгын айтканда, учурда “Бишкек” Эркин Экономикалык Аймагында өндүрүштү жолго коюп, атамекендик бренддин алдында даяр продукция өндүрүп, аны коңшу мамлекеттерге экспортотоп, калкка жумушчу орун, казынага салык, өлкөгө имидж алып келип жаткан өндүрүш субьектилери КРнын Бажы кызматынын кызматтык шалаакылыгы же кара өзгөйлүгүнүн азабын тартып турат.
Тактап айтканда, Кыргызстан ЕАЭБге кошулгандан кийин КРнын өкмөтүнүн №503-Токтому чыгып, аны менен катары Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги (АПЗИ) тарабынан ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу түрлөрүнө кирген 140 субьект атайын реестрге катталып, анын ичинде Бишкек ЭЭАсы дагы атайын жеңилдетилген тарифтер менен ишмердик жүргүзүү укугуна ээ болгон.
Бул деген аталган субьектилер атамекендик өндүрүш үчүн сырттан, интеграцияда жок үчүнчү мамлекеттерден чийки сырьену, өнөр жайга керектүү материалдык жабдыктарды бажы төлөмдөрүсүз өлкөгө киргизүү артыкчылыгын алды деген сөз. Албетте, бул эми-эми бутунан туруп, өндүрүштү колго алып, сапаттуу продукцияларды чыгарып, ЕАЭБдин базарына сунуштап жаткан кыргызстандык өндүрүшчүлөргө, анын ичинде “Бишкек” ЭЭАсындагы субьекттер үчүн да абдан чоң жеңилдик болгон. Алар Кытай, Түркия, Жапония, Польша, Корея сыяктуу өлкөлөрдөн чийки заттарды, өндүрүшкө керектүү жарак-жабдыктарды бажы төлөмдөрүсүз алып кирип келишкен.
Бирок, 2020-жылдын жайынан тартып, КРнын Бажы кызматы “Бишкек” ЭЭАсынын субьектилери 2019-жылдан тарта сырттан кирген сырьелор үчүн бажы төлөмдөрүн төлөшүңөр керек” деген талапты коюп чыгышат. Өндүрүшчүлөр буга таң калып, “анда эмне убагында айткан эмессиңер?” - дешсе -“биздин кызматкерлерден катачылык кетип калыптыр...”, - деген жоопту айтышат. Бул эми абсурд! Мынчалык болбойт да?!
Эми элестеткиле, ишкерлер ошончо жылдан берки товар үчүн кантип бажы төлөмдөрүн төлөмөк эле? Бажы кызматы убагында эскертип, убагында талап кылса, анда ошол бажы төлөмдөрү өндүрүлгөн товардын өздүк наркына кошулуп, каражаттар чыгып турмак да. Эми үчү жылдагы сырьенын бажы төлөмдөрүн төлө деген бул-өндүрүштү жабуу, банкроттук абалга кептөө экени айтпаса да белгилүү болуп калды. Бир тармактын шалаакылыгы бүгүн ушинтип, “Бишкек” ЭЭАсындагы субьектирдин ишти токтотуусуна жеткире турган болуп турат.
Тактап коюучу нерсе, бажы кызматы “Бишкек” ЭЭАсынын субьектилери жогорудагы жеңилдик алган рээстрден чыкканы тууралуу Өкмөттүн алакандай кагазын көргөзө элек. Ишкерлер болсо өткөн жылдар үчүн эмес, келерки 2021-жылдан тарта сырье жана жарак-жабдыктар үчүн бажы төлөмдөрүн төлөөгө аргасыз болсо да макул. Анткени, ал төлөмдөр продукциянын өз наркына кошулуп, бул болсо баа күрөшүндөгү атаандаштыкта атамекендик өндүрүштү артка тартаары турган иш. Ошентсе да, биздин ишкерлер ыйлай-сыктай Өкмөттүн башына салганын көтөргөнгө кайыл болушууда.
Кыскасы, биз кандай мамлекетте, кандай саясатта жашап жатканыбызды билбейсиң? Теледен инвестицияга, өндүрүшкө бейиш түзүп койдук дешет, кагазда болсо атамекендик өндүрүшчүлөрдүн бир көзүнөн кан, бир көзүнөн жаш алып атышат...
Тынчтык Алтымышев, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн