Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бекешев депутаттардын, өкмөттүн жана президенттин айлыгын 5000 сомго түшүрүүнү демилгеледи

18.01.2021 11:05
761
Бекешев депутаттардын, өкмөттүн жана президенттин айлыгын 5000 сомго түшүрүүнү демилгеледи

Дастан Бекешев депутаттардын, премьер-министрдин жана президенттин айлыгын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи.  Бул тууралуу депутат өзүнүн Телеграм каналы аркылуу билдирди.


Депутаттын айтымында, ал мыйзам долбоорун декабрдын башында даярдаган, бирок Жогорку Кеңештин аппараты аны коомдук талкууга чыгарбай жатат.


Мен депутаттардын, премьер-министрдин жана президенттин айлыгын жашоо минимумунун деңгээлине чейин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеледим. Жашоо минимуму кийингенге, тамак жегенге жана салык төлөгөнгө жетет деп эсептешет. Бул болгону беш миң сом. Мен түшүнөм алар муну популизм дейт, бирок эгерде өкмөт баарына минималды белгилесе, анда, ошого жараша, бюджетти түзүүгө жооптуу жетекчилер бирдей айлык алышы керек”, – деди депутат.


Ал буга чейин эки жолу Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчилигине кат жазганын, бирок маселе чечилбей жаткандыгын кошумчалады.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Тав
Спектакль кезектеги
Азиз эралиев
Сиздин демилге туп туура,айлык көп болсо деле сессияга катышпайт,катышса сөз сүйлөбөйт,дежурный депутат кнопканы басат.