Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 18:07
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Дастан Бекешов батирде жашагандарды 3 ай акы төлөөдөн куткарууну сунуштады

31.03.2020 14:08
835
Дастан Бекешов батирде жашагандарды 3 ай акы төлөөдөн куткарууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов өзгөчө абал учурунда батирлерди ижарага алып жашагандарга кантип жардам берүү керектиги тууралуу сунушун айтты. Эл өкүлү пикирин фейсбук баракчасына жазып чыкты. 


Анын пикири боюнча батирлердин ээлерин мамлекеттик салыктан 1 жылга бошотуу керек, ал эми үй ээлери анын ордуна үч айга ижарачыларды батирге акысыз жашатат.


“Акыркы убакта мага адамдар ижарага жашаган батирлеринин акысын төлөөгө жардам сурап көп кайрылууда. Айрымдарын батирден чыгарып жатыптыр. Бул бир тарабынан адамгерчилике жатпайт, экинчи жагынан алганда ижарага бергендер да жашашы керек жана өзүнүн менчигин өзүнө ыңгайлуу кылып башкарат.

Бул маселе Өкмөттө карала элек, анткени жеке маселелерди жөнгө салуу үчүн так чечим жок. Бирок менде сунуш бар.

Ижарага бергендердин көбү салык төлөбөйт. Мына ушуну колдонсо болот. Менчик ээлери ижарадагыларды 3 айга бошотот, ал эми Өкмөт анын ордуна аларды 1 жыл салыктан бошотот. Менчик ээси буга чейин салык төлөбөй жүргөн болсо 1 жылга салык төктүрүп, көнбөсө жоопкерчиликке тартуу керек. Ал эми, салыкты төгүп жүргөн болсо бир жарым жылга салыктан бошотуп, батирдин ээси үч айга ижара акысын албашы керек. Механизмди үч жактуу кылса болот: салык, ижара ээси жана ижарачы, - деп эл өкүлү пикирин жазган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн