Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Сөз эркиндигин чектөөгө каршы өтүп жаткан митингге депутат Д.Бекешев чыкты (видео)

25.06.2020 12:06
1084
Сөз эркиндигин чектөөгө каршы өтүп жаткан митингге депутат Д.Бекешев чыкты (видео)


"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам биздин өлкөгө кооптуу жана жалган маалымат чын болуп калат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте өтүп жаткан митингде айтты.



"Бул мыйзам долбоорго каршы чыгыңыздар, бул биздин мамлекет үчүн өтө кооптуу. Себеби эртең алар эмне чындык жана эмне калп экенин өз эркинче айырмалашат. Бул өтө кооптуу. Анткени силер айткан нерселер эртең жалган болуп чыгып калуусу, өкмөт айткан нерселер чын болуп калат. Эртең паракорлордун бири Маданият министрлигине келип, эмнеге тыюу салса болорун, эмнени алып койсо болорун айтып чыгат. Мына ушунусу менен коопту”, - деди Бекешев.


Ошондой эле ал бүгүн, 25-июнда парламентте 50дөй мыйзам долбоору карала турганын, Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору түштөн кийин караларын кошумчалады.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн