Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бекешев 7-чакырылыштын депутаттарынын санын 30га кыскартууну сунуштады

24.04.2020 11:20
1444
Бекешев 7-чакырылыштын депутаттарынын санын 30га кыскартууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазып чыкты.


Анын айтымында, 1-сентябрда Баш мыйзамды өзгөртүүнүн мораторийи бүтөт.


“Мындан улам депутаттар өзгөртүү киргизүүнү сунуштаса болот. Жогорку Кеңештин шайлоосун 2021-жылдын жаз айына жылдырууну, жетинчи чакырылыштын депуттарынын санын 30га кыскартууну сунуштайм. Бул сунушту колдойт деп ишенем. Муну менен мамлекеттик каражатты да үнөмдөөгө болот. Негизи эле айрым окшош иштерди аткарган мамлекеттик мекемелерди жоюп, башкаруу структурасын өзгөртүү керек. Коронавирус пандемиясынан кийин, бул сөздүн түз маанисинде камтылган бүт дүйнө, биздин жашообуз азыркыдай болбойт. Бизди болуп көрбөгөндөй экономикалык жоготуулар күтүп турат, ага туруштук берүү үчүн бекем экономикалык абалга кирүүбүз керек. Кийинки жумада бюджетти өзгөртүү долбоорун бекитебиз жана көп беренелер боюнча чыгымдарды кыскартуу күтүп турат”, - деген Бекешев.


Ал өзгөчө абал алынгандан кийин, 12-апрелге болжолдонуп, бирок белгисиз мөөнөткө жылдырылган жергиликтүү шайлоону дароо өткөрүүгө негиз жок экенин айткан. Эл өкүлү аны да жылдырып, парламенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүүнү сунуштаган.


“Эгер андай кылбасак эки шайлоо тең олигархтар тарабынан сатып алынат. Элдер аң-сезимдүү тандоо жасай албай калат”, - деген Бекешев.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ибраев Нурлан
ЖКте депутаттардын санын 70ке чейин азайтканы макулмун. Ошондо таза, эмгекчил, элдин келечегин ойлогон патриот кишилер келсе, бир жылда жакшы результат корсотсо болот.