“Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Бектур Асанов президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен түрмөдө жатканда телефон аркылуу сүйлөшүп турганын билдирди. Ал “Жаңы Ордо” гезитине маек берип, өз идеясынан кайтпай турганын билдирген.
“Садыр Жапаров менен түрмөдө жатканда телефон аркылуу бир топ жолу сүйлөшкөм. Ал эми өзүмдүн идеямдан кылт этип кыйшайбаймын. Парламентаризм, идеялардын күрөшү, демократия болушу керек экенин элге жеткиргенге аракет кылам. Алардын (ред. азыркы бийликтегилердин) идеялары башкача. Биздин идея туура экенин далилдегенге аракет кылам”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн