Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпталуучу Бектур Асановго дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди.
Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага өлкөдөн чыгууга уруксат үстүбүздөгү жылдын 19-апрелине чейин берилген.
Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Асанов кемпир-абад иши боюнча айыпталууда.
Буга чейин анын баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо тилкатына өзгөртүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн