Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 08:26
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Беларусь Кыргызстандан эт жана жашылча-жемиштерди импорттоого кызыкдар

19.06.2024 13:21
940
Беларусь Кыргызстандан эт жана жашылча-жемиштерди импорттоого кызыкдар


Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Керектөөчүлөр коомчулугунун республикалык союзунун башкармалыгынын төрайымы (Белкоопсоюз) Инесса Короткевич менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн рынокторуна кыргыз жана белорус өнүмдөрүн өз ара жеткирүү боюнча эки тараптуу кызматташуу багыттарын кеңири талкуулашты.

"Беларусь тарап Кыргызстандан Белкоопсоюздун соода түйүндөрүнө эт жана жашылча-жемиштерди ташууга кызыкдар экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жеңил өнөр жай тармагында, анын ичинде аң терисинен жасалган буюмдарын тигүү жана сатуу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн