Кечээ, 3-июнда Беларусиянын өкмөтүн таркаткан президент Александр Лукашенко бүгүн, 4-июнда өлкөнүн премьер-министр кызматына буга чейин Мамлекеттик аскердик өнөр жай комитетин жетектеп келген Роман Головченкону дайындады.
Жаңы премьер бүгүн өкмөттүн жаңы курамын жарыялашы керек, бирок анда өзгөчө деле өзгөрүүлөр болбой тургандыгын “БелТА” агенттиги маалымдады.
Эске салсак, 25-майда Александр Лукашенко 9-августка белгиленген президенттик шайлоого чейин жакын арада өкмөттү алмаштыра тургандыгын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн