Аяк оона 17, 2025
Убакыт: 10:17
USD
87.30
87.80
EUR
103.10
104.10
RUB
1.045
1.080

Беларусиядан коронавирус менен күрөшүү үчүн 5,4 тонна дары-дармек келди

19.07.2020 14:39
1219
Беларусиядан коронавирус менен күрөшүү үчүн 5,4 тонна дары-дармек келди

Бишкек шаарына Беларусь Республикасынан атайын каттам менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн керектүү дары каражаттарынан турган жүк келди. 

Маалым болгондой, жалпы салмагы 5,4 тонна болгон дары-каражаттары Минск шаарынан (Беларусь Республикасы) премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп барган учак менен жеткирилди. 

Бул аркылуу кыргыз өкмөтү жогору болуп жаткан суроо-талапты канааттандыруу максатында ата мекендик фармацевтикалык компанияларга дары каражаттарын алып келүүгө көмөк көрсөттү. Бул дары-дармектер калкка жеткиликтүү баада сатылат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн