Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 21:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева каза тапты

06.07.2020 09:34
1665
Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева каза тапты


Коомдук ишмер, “Азаттык” үналгысынын журналисти Бүбүкан Досалиева кечээ, 5-июнда капысынан келген илдеттен улам 62 жашында дүйнөдөн кайтты.


Бүбүкан Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог катары таанымал. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болгон. Ал КТРК, “Сары Өзөн Чүй” теле каналдарында эмгектенген.


Б.Досалиева Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы журналисттерди тарбиялаган.


1995–2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин “Азаттык үналгысынын” кыргыз кызматынын “Азаттык Медиа” мекемесиндеги кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп келди.


Ал Эл аралык Айтматовдук Коомдук академиянын журналистика боюнча академиги (1994) болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн