Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 11:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Белорус компаниясы Караколдо таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат

04.10.2022 17:47
1165
Белорус компаниясы Караколдо таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат


Каракол шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча беларусиялык компания менен келишим түзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


«Мындай завод Кыргызстанда биринчи жолу ачылды. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 135 миллион сом бөлүнгөн. Жергиликтүү бийлик тарабынан даярдалган «Өсүү чекити» долбоору президент Садыр Жапаров тарабынан жактырылды», - деп айтылат маалыматта.


Ишканада 40тан 50гө чейин жумушчу орун түзүлөт. Курулуш иштерин Беларустун «Сифания Экотехника» компаниясы жүргүзөт. Ал 111 миллион сомдук тендерди утуп алган.


Фирманын директорунун айтымында, курулуш ноябрь айында башталса, завод ушул жылдын декабрь айында ишке кириши мүмкүн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн