Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Белорус президентти өкмөттү отставкага кетирди

04.06.2020 09:32
914
Белорус президентти өкмөттү отставкага кетирди

Александр Лукашенко Белоруссиянын өкмөттүн отставкага кетирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, президент өкмөттү отставкага кетирүү чечимине 3-июнда кол койгон.


Буга чейин Лукашенко жыйналышта жаңы өкмөт кураман топтоону сунуштаган. Анда Республикалык советтин төрагасы (жогорку палата) Наталья Кочанова, өкмөттүн өкүлдөр үйүнүн төрагасы (төмөнкү палата) Владимир Андрейченко, президенттин администрациясынын жетекчиси Игорь Сергеенко жана Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин катчысы Андрей Равков катышкан.


Ошол эле учурда өкмөттүн курамы алмашкандан кийин чоң өзгөрүлөрдү күтүүгө болбой турганын билдирген. Анын айтымында, COVID-19 пандемиясынан улам дүйнөдө болуп көрбөгөндөй экономикалык кризис жаралды, андыктан министрлер кабинетинен кандайдыр бир чоң өзгөрүүнү күтүүгө болбойт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн