Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бейшеналиев: Садыр Жапаров Путинге уу коргошун тууралуу айтып берди

26.05.2021 11:32
1232
Бейшеналиев: Садыр Жапаров Путинге уу коргошун тууралуу айтып берди

Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге уу коргошунду колдонуп коронавирусту дарылоо жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.


Анын айтымында, бул тууралуу ага кечээ кечинде президент өзү айтты.


«Садыр Нургожоевич Владимир Путин менен  уу коргошун жөнүндө сүйлөшкөнүн айтты. Эффекттүүлүгү бар, аны илимий жактан текшерүү керек деп билдиришти. Коронавирус бизге көп убакыттка келди, аны жеңүү үчүн биз ар кайсы өлкөлөрдө болгон жаңы ыкмаларды колдонушубуз керек», - деди Бейшеналиев.


Анын айтымында, учурда бейтаптар өздөрү суранып уу коргошунду алып жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн