Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бейшеналиев узаткан эстафетаны Новиков кабыл алып, окуучуга планшет белек кылды

28.12.2020 09:35
451
Бейшеналиев узаткан эстафетаны Новиков кабыл алып, окуучуга планшет белек кылды


Кыргыз Республикасынын премьер-министринин миилдетин аткаруучу Артме Новиков,  Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев узаткан эстафетаны кабыл алганын социалдык тармак аркылуу маалымдады.


Эстафетаны кеч кабыл алганы үчүн кечирим сураган Новиков, себебин Жалал-Абад облусунда өткөн иш-сапары менен түшүндүрдү. Убакыттан пайдаланып кыргыз элин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктаган Артем Новиков каалоо-тилектерин да айтып өттү.


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мага узаткан эстафетасын чоң кубануу менен кабыл алдым! Кичинекей мекендештерибиздин көркөмдүү сүрөттөрү мага да келип жетти! Фантазияларына баа бердим!

Тандалып алынган мыкты сүрөттөр мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө жана башка ведомстволорго Жаңы жылдык куттуктоо белеги катары жөнөтүлөт.

Бул эстафетаны жогоруда белгиленген жетекчиликтерге узатам. Чэлленджге активдүү катышып бериңиздер”, - дейт кайрылуусунда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков.


Өз учурунда “Токойдогу тынчтык” атту сүрөттү белекке алган Новиков ыраазычылыгын билдирип, жаш жеткинчекке планшет белек кылганын маалымдады. Белекти эч качан унутпастан, үйүндөгу дубалында орун алаарына сөз берди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн