Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Билим берүү министри "Маариф" фондунун жетекчилиги менен эмнени талкуулады?

11.05.2021 16:35
553
Билим берүү министри "Маариф" фондунун  жетекчилиги менен эмнени талкуулады?


2021-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешев Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиядагы «Маариф» фондунун жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. 


Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган катышты. «Маариф» фондунун атынан Фонддун Башкармалыгынын төрагасы, профессор, доктор Бирол Акгюн, Фонддун Камкорчу кеңешинин мүчөсү, профессор, доктор Жихад Демирли, ошондой эле Фонддун өкүлү Хусню Бирджан катышты. 


Түрк делегациясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Бишкекте «Маариф» фондунун жалпы билим берүүчү мектептерин ачуу маселесинде кызматташып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана жаңы окуу жылына карата бардык даярдык иштери жүрүп жатканын, жалпы аянты 11 000 чарчы метрди түзгөн мектептин кампусунун аянтында 61 класс тийиштүү жабдуулар менен камсыздаларын маалымдады.


Белгилей кетсек, бул мектепте окутуу Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик стандарттары боюнча кыргыз, түрк, орус тилдеринде жүргүзүлүп, англис тили үйрөтүлөт. Тилдерден тышкары, табигый илимдерди (химия, физика жана биологияны, гуманитардык илимдерди, жаңы технологияларды жана маданиятты окуп-үйрөнүүгө багыт берилет.  


Министрликтин жетекчилиги жаңы мектеп өлкөбүздөгү өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого өз салымын кошот деген ишеничте келечекте да Фондго жана мектептерге ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн