Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Билим берүү министрлиги акыркы коңгуроо аземине карата окуучулардын коопсуздугун сактоо боюнча тапшырмаларды берди

08.06.2022 13:15
571
Билим берүү министрлиги акыркы коңгуроо аземине карата окуучулардын коопсуздугун сактоо боюнча тапшырмаларды берди



Бүгүн, 8-июнда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова райондук жана шаардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Белгилүү болгондой, жыйында «Акыркы коңгуроо» салтанатында коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча тапшырмалар берилди.


“Биз үчүн балдардын өмүрү, коопсуздугу биринчи орунда турат. Андыктан ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо - биздин милдет. Ата-энелер менен тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Тилекке каршы, окуу жылы аяктап жатканына карабай ар кандай кырсыктар катталып жатат”, - деп билдирди Надира Жусупбекова.


Өз кезегинде билим берүү мекемелеринин жетекчилери министрлик тарабынан бекитилген бардык эрежелердин так аткарылышына көзөмөл күчүндө экенин айтышты.


Эске сала кетсек, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү акыркы коңгуроо салтанаты учурунда укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун камсыздоо үчүн биргеликте иш алып барууга тийиш. Бул үчүн тиешелүү органдар ишин баштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн