Көз карандысыз эксперттердин тобу жакынкы эки аптада COVID-19 менен ооругандардын саны кескин көбөйүп кетиши мүмкүн экендигин эскертүүдө. Алар жаңы божомолдоонун үч вариантын карашкан – оптимисттик, орточо жана пессимисттик. Бирок, бул үч вариантта тең июль айынын башынан тарта вирусту жуктуруп алгандардын саны 1380ден 1571ге чейин жетиши мүмкүн экени белгиленген.
Эксперттер бул болгону божомолдоо экенин белгилешет, бирок эгерде эч кандай чара көрүлбөсө, анда өткөн жылдагыдай экинчи «кара июль» кайталанып кетиши мүмкүн.
Бул сценарийлерден качууга же аларды азыраак болсо да жумшартууга болот. Ал үчүн санитардык нормаларды сактоо, көп адам чогулган иш-чараларды токтотуу зарыл. Ошондо гана кырдаал оптимисттик сценарий менен кетет.
Эске сала кетсек, бул эксперттик топ өткөн жылы Оксфорддун окумуштуулары менен бирге Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу кырдаалды анализдешкен. Жыйынтыгында алар «кара июль» окуясы болушун эскерткен эле. Алар өздөрүнүн отчетун коронавирустун жайылышы менен күрөшүү боюнча штабка беришкен, бирок жетиштүү чаралар көрүлбөгөн. Жыйынтыгында күнүнө 40-50 адам бул илдеттен көз жуумп, ооруканаларда орун жетишпей, туура дарылоо болбой, элибиздин эси эки болгон.
Буга чейин аталган топтун эксперти, USAID долбоорунун адиси Айжан Дооронбекова бул изилдөө тууралуу АКИpressке маек курган эле. Ал 2-июлдан тарта эки жумада коронавируска жаңы чалдыккандардын саны 1500дүн тегерегинде болушу мүмкүн деген. Ал убакта ооруканага жатууга муктаждардын саны 6707 адамды, ал эми жалпы ооругандардын саны 16 358 адамды түзөөрүн айткан.
Өтө оор жана оор абалдагылар 2280 адам болушу мүмкүн. Реанимациялык кароого 671 адам муктаж болот. Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күндө 3430 койко жана 346 реанимациялык орун бар экенин айтууда. Алардын бир бөлүгү азыр деле бош эмес экенин эске алуу керек. Демек, дагы жаңы орундардын даяр турушу маанилүү.
Акыркы күндөрдө эле бул илдетти жаңыдан жуктуруп алгандардын саны 500-800дүн тегерегинде болууда. Вирусту жуктуруп алган медиктердин саны да өсүп жатат.
«Божомолдоонун үч варианты бар – оптимисттик, ортосо жана пессимисттик. Божомолдоонун бул ыкмасында биз Дельта-вирус деп аталган индиялык штаммды эске алдык. Бул штаммда контагиозность жана ооруканаларга жаткыруу тобокелчилиги британ штаммына салыштырмалуу эки эсе жогору. Андыктан биз пессимисттик вариантка кңүл бурдук. Ошондой эле түштүк региондордо ооругандардын саны өтө жогору болушу күтүлөт. Бишкектеги менен бирдей болот», - дейт Дооронбекова.
Дельта-вирус жаш адамдарда күчтүү грипптей болушу мүмкүн. Алар өздөрү ыңгайсыздыкты сезбеши мүмкүн, бирок башкаларга жуктуруу тобокелчилиги жогору.
Демек, бул багытта министрлер кабинети, республикалык штаб тез арада күчөтүлгөн даярдыктарды көрүшү кажет. Ооруканаларда кошумча орундарды даярдап, дары-дармектердин запасын камдоо зарыл. Ошону менен бирге көп адам чогулган иш-чараларга убактылуу тыюу салуу, аралыктан иштөө сыяктуу чаралардын да планын түзгөнү туура болот.
Өткөн жылдагы «кара июль» баарыбыздын эсибизден кетелек. Бул илдет адамдарды байлыгына, бийлигине, атак-даңкына карабай турганын билгенбиз. Андыктан аны биргеликте, санитардык нормаларды сактоо менен, ынтымак менен гана жеңе алабыз. Азык-түлүктөрдү үйгө жыйнап алып, же дары-дармектерди басып жатып эле ажалдан кутулуу мүмкүн эмес. Бул оор сыноо жалпы мамлекетибиздин башына келип турган сыноо деп түшүнүшүбүз керек. Ошондо гана аны жеңүү жеңил болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн