Кулжа 26, 2024
Убакыт: 10:17
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Былтыркы жылдын ноябрь айына караганда аба-ырайы жылуу болгондуктан электр энергиясы аз колдонулган

01.12.2021 15:57
727
Былтыркы жылдын ноябрь айына караганда аба-ырайы жылуу болгондуктан электр энергиясы аз колдонулган

Кыргызстанда электр энергиясынын керектөөсү 2021-жылдын ноябрь айында 1 млрд 667 млн 627 миң кВт.с. түздү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык 2021-жылдын ноябрь айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 1 млрд 667 млн 627 миң кВт.с. түздү.


2020-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүч 1 млрд 716 млн 927 миң кВт.с. түзгөн. Бул быйылкы жылга салыштырмалуу 49 млн 300 миң кВт саатка көп, анткени былтыр ноябрда абанын орточо айлык температурасы быйылкы жылга салыштырмалуу бир нече градуска төмөн болгон.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна байланышкан учурдагы абалды эске алып, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК калкка жана башка керектөөчүлөргө электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу өтүнүчү менен дагы эле кайрылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн