Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Билярдчы Каныбек Сагынбаев жаңы кызматка дайындалды

26.02.2021 16:01
1272
Билярдчы Каныбек Сагынбаев жаңы кызматка дайындалды

Каныбек Сагынбаев эркин жана грек-рим, бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.


Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Нурлан Токоноев жаңы директорду жамаатка  тааныштырды.


Сагынбаев Каныбек  Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери, дүйнөнүн үч жолку чемпиону (2007, 2010, 2014) жана башка бир катар ири турнирлердин жеңүүчүсү.


Буга чейин бул кызматты Айша Карымшакова ээлеп келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн