Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 26 жаштагы кыздын денеси бир жарым айдан кийин табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Аламүдүн районундагы 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 1994-жылы туулган О. кызы Н. аттуу кыздын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылды.
Издөө иштерин улантуу максатында өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 95 куткаруучу тартылган. Кыздын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн