Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бир айда майнинг фермалардан 10,4 млн сом салык чогултулган

04.09.2023 12:15
638
Бир айда майнинг фермалардан 10,4 млн сом салык чогултулган


Июль айында майнинг фермалардын салык төлөөсүнөн бюджеттин кирешеси 10 млн 414,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин бюджеттин аткарылышы боюнча отчетунда айтылат.


Жети айда эле казына бул салыктан 44 миллион 198 миң сомго толукталды.


Төлөмдөр жылдын экинчи кварталынан баштап тез өсө баштады. Апрель-июль айларында бюджетке 37 миллион 540,6 миң сом түшкөн, же бардык төлөмдөрдүн 85 пайызын түзгөн.


Мында түшүүлөрдүн эң көп көлөмү июнь (10 млн 544,3 миң сом) жана июль (10 млн 414,8 миң сом) айларында катталган. Эң аз 2023-жылдын февраль айында төлөнгөн — 738 миң сом.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн