Бугу 12, 2024
Убакыт: 02:05
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бир дагы өлүм катталган жок: Коронавирусту ийгиликтүү жеңген өлкөнүн тажрыйбасы

08.07.2020 14:51
7641
Бир дагы өлүм катталган жок: Коронавирусту ийгиликтүү жеңген өлкөнүн тажрыйбасы


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 8-июлга карата коронавирустан каза болгон учур катталбаган өлкө катары Вьетнамды атады. Бүгүнкү күнгө карата Вьетнамда Covid-19 инфекциясы аныкталган адамдардын саны 369 болсо, бул оорудан айыккан адамдардын саны 342ни түздү. Каза болгон адамдар жок. Вьетнам коронавирус менен кантип ийгиликтүү күрөшкөнүн талдап көрөлү


Оорунун очогу болгон Ухань менен чектеш 


Вьетнамда коронавирустун биринчи учуру 22-январда эле катталган. Анда коңшу Кытайдын Ухань шаары менен чек аралар жабыла элек болчу. 13-январда Ухань шаарынын 66 жаштагы тургуну баласы жашаган Вьетнамга келген. 4 күндөн кийин өзүнүн жана эки баласынын дене табы көтөрүлүп, 22-январда ооруканага түшкөн. Январь айынын аягында Ухань шаарынан дагы 3 адам келип, алар дагы оорунун белгилери менен ооруканага жаткан.  



Коронавирус башталганда көрүлгөн алгачкы чаралар 


Вьетнамда 6 адамдан оору аныкталары менен премьер-министр Нгуен Суан Фук эпидемия тууралуу жарыя кылып, тез арада профилактикалык борборун ачууну тапшырган. Кытай менен чектеш башка мамлекеттер чек араларын жаба электе Вьетнам авиа жана темир жол каттамдарын токтотуп, Кытайдын жарандарына виза берүүгө тыюу салган. Университет жана мектептерди дароо жапкан. Вьетнамда ооругандардын саны 10 адамга жеткенде өлкөнүн баарына 3 жумалык катуу карантин киргизген. Ар бир жарандан телефонуна атайын приложение орнотуп, ден соолугун текшерип турууну тапшырган. 



Европадан келген экинчи толкун 


Февраль айында бардык оорулуулар айыгып, ооруканадан чыгарылган. Вьетнам кооптуу делген мамлекеттердин катарынан чыгарылып, алардын тажрыйбасын үйрөнүү үчүн башка мамлекеттерден делегациялар келе баштаган. Ошого карабай, өкмөт чектөөлөрдү алып салган эмес. 6-мартта кайра Вьетнамда коронавирус аныкталган. Бул жолу Европадан келген. Экинчи толкуну менен күрөш башталып, кайрадан чек аралар жабылган. Март айынын аягында ооругандардын саны 100гө жакындаганда кафе, ресторан, клуб, кинотеатрларды толугу менен жапкан. Коронавирус менен күрөшүүгө аскер адамдары жана мобилдүү санитардык бөлүмдөр тартылган. 



Эксперттер жеңиштин себептерин аташты 


Катуу чаралар жыйынтык берип, апрель айында бир дагы жаңы учур катталган эмес. Ооругандардын 90%ы ооруканадан чыгарылган. Вьетнам  Россия, Япония жана США сыяктуу башка мамлекеттерге жардам көрсөтө баштаган. Эл аралык эксперттер Вьетнамда администрациялык башкаруу, уюштуруучулук жана калкты мобилизациялоо күчтүү экенин белгилеп, алар калкка "Эпидемия менен күрөшүү душман менен күрөшкөндөй" деген ураан коюлганын айтышты. Вьетнам инфекциянын жайылып кетишине жол бербеген өлкө катары эсептелди. Ооругандарды бир ооруканада дарылашып, аларды аскер кызматкерлери кайтарууга алышкан. Ооруканадан чыккандарды дарыгерлер профилактикалык дарылоосун улантышкан. 


Ошондой эле эксперттер COVID-19 менен ийгиликтүү күрөшүүдө бийликтин тез реакция кылганын жана коомдун жоопкерчиликтүү болгонун негизги себеп катары айтышты. Учурда коомдук жайлар, транспорттор ишке киргени менен жарандар социалдык аралыкты, санитардык нормаларды сактаганды калтырган жок. 

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Мээрим
Бизде деле торт адам катталды дегенделе чек аранын баарын жаап катуу тыю салса сырттан канча миндеген кыргыздарды киргизбей турганында бизде да аз эле болмок
Апаз
Жооп керчиликтуу болгондун жакшы жагы ушулда. Биз да ушундай болушубуз керек болуп жатат