Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бир нече рюмка алып сөзүнө ээ боло албай калды. Курманбек Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди

27.02.2023 19:54
1035
Бир нече рюмка алып сөзүнө ээ боло албай калды. Курманбек Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди

Экс-президент Курманбек Бакиев телефон аркылуу NazarNews маалымат агенттигине Дубайда 17-февралда өткөн Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу тууралуу интервью берди.


Бакиевдин айтымына караганда, жолугушууда ал дагы президент Садыр Жапаровдун демилгесин колдогон.



"Атамбаевдин сөздөрүнө анын басма сөз катчысы комментарий берсин, жыйындын башка катышуучулары деле айтпадыбы – баарыбыз аягына чейин отурдук, жеп-ичтик деп. Атамбаевге сөз тийгенде, ал деле Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок бир нече рюмка алгандан кийин ал өз сөздөрүнө ээ болбой калды. Мен ага ал тууралуу акырын айтып койдум эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти.


2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана андан кийин июнда түштүктө курман болгондордун өлүмүнө ким күнөөлүү экенинин акы-чүкүсүн мен азыр талдагым келбейт, бирок анда менин күнөөм такыр жок. Ушул жана башка аны менен байланышкан маселелер боюнча тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айткам",- деди мурдагы президент Бакиев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн