Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 23;
Чүй облусунда – 4;
Ош шаарында – 7;
Ош облусунда – 4;
Нарын облусунда – 6;
Баткен облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 5.
Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Муну менен
илдеттен сакаган ак халатчандардын саны 503кө жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин
арасында – 1147 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн