Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 07:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бир сутка ичинде 125 ак халатчандан коронавирус аныкталды

13.07.2020 10:17
788
Бир сутка ичинде 125 ак халатчандан коронавирус аныкталды

 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 125 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

 

Жаңы учурлар:


• Бишкек шаарында – 63
• Чүй облусунда – 7
• Ош шаарында – 16
• Ош облусунда – 10
• Баткен облусунда – 13
• Ысык-Көл облусунда – 7
• Талас облусунда – 2
• Нарын облусунда – 2
• Жалал-Абад облусунда – 5

Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1781 учур катталды, алардын ичинен 560 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн