Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу 28-июнда республикалык штабдан билдиришти.
- Бишкек шаарында – 7
- Чүй облусунда – 7
- Ош шаарында – 6
- Ош облусунда – 3
- Баткен облусунда – 1
- Ысык-Көл облусунда – 3
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 739 учур катталды, алардын ичинен 420 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн