Бир сутка ичинде өлкө боюнча 18 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 5
- Ош шаарында – 3
- Ош облусунда – 5
- Жалал-Абад облусунда – 3
- Баткен облусунда – 2
Ал эми бир суткада 1 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3354 учур катталды, алардын ичинен 3069 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн