Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан республика аймагында 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгондордо коронавирус инфекциясынан сырткары өнөкөт оорулары да болгон.
Каза болгондор:
1. Кыргыз-Түрк бейтапканасынан 1 бейтап;
2. Аксы аймактык ооруканасынан 1 бейтап;
3. Жайыл аймактык ооруканасынан 1 бейтап;
4. Лейлек аймактык ооруканасынан 1 бейтап;
5. Токтогул аймактык ооруканасынан 1 бейтап;
6. Ош облустар аралык ооруканасынан 65 жаштагы дарыгер.
Жалпы каза болгондордун саны 173 кишини түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн