Президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин көрсөткөн Карагач Исмаилова талапкерлигин чакыртып алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Исмаилова кайрадан ойлонуп көрүп талапкерлигин чакыртып алган.
Буга чейин саясат таануучу Бакыт Бакетаев жана Жыпаркул Тургуналиев талапкерлигин чакыртып алган болчу.
Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн