Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бир талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

12.11.2020 13:06
508
Бир талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Президенттик шайлоого ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган Бакыт Бакетаев шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу ал өзү маалымат таратты. 


Ал өзүнүн талапкерлигин алуу себебин мындайча түшүндүрдү: "Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бир ай ичинде көптөгөн жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Анын аткарган иштери менин купулума толду. Буга байланыштуу шайлоого катышуудан баш тартууну чечтим. Мен өз талапкерлигимди алгачкылардан болуп көрсөткөнмүн. Жапаровдун пайдасына алгачкылардан болуп талапкерлигимден баш тартып жатам" - деп белгиледи ал. 


Буга чейин 18 талапкер президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.


https://www.super.kg/kabar/news/332537/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн