Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 22:26
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бир үй-бүлө бүтүндөй каза болгон. Кадамжайда үрөй учурган кырсык катталды

03.01.2023 23:17
811
Бир үй-бүлө бүтүндөй каза болгон. Кадамжайда үрөй учурган кырсык катталды

Кадамжай районунун Алга айылында 6 адам ичке ууланып каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

  Маалыматка ылайык, болжол менен окуя 2022-жылдын 29-декабрынан 30-декабрына карган түнү Кадамжай районунун Алга айыл аймагынын Алга айылынын тургуну 1986-жылы туулган Н.Р. өзүнүн жаңы салынган үйүндө, үй-бүлө мүчөлөрү: аялы 1986-жылы туулган К.Ж., кызы 2014-жылы туулган Ж.А, уулу 2016-жылы туулган Н.И., уулу 2020-жылы туулган Н.А. жана кайын агасынын уулу 2012-жылы туулган Ж.Т. болуп уктап жаткан учурда, үйдү жылытуу үчүн сайылган эки даана электр жылыткычынын айынан электр зымдары ээрип күйүп, үйдүн ичиндеги диван жана жерге төшөлгөн паластар күйүп, үйдүн ичи түтүнгө толуп, ууланышып каза болушкандыгы аныкталган.

 

 Жогорудагы окуя боюнча соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн