Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бир жарым жыл изделген адамдын жансыз денеси табылды

05.07.2021 17:15
840
Бир жарым жыл изделген адамдын жансыз денеси табылды


Бүгүн, 5-июлда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы АКИpress агенттигине билдирген маалымат боюнча, Садырбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн курулушун 2-июлда саат 11:00 чамасында улантып башташкан. Куруучулар пайдубал куюлган эски тактайларды алып жатып, адамдын жансыз денесин табышкан. Бул факт Жазык кедексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталды.


Бишкек шаарындагы толук курулуп бүтө элек үйдүн ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркум 1,5 жыл мурун дайынсыз жоголгон 50 жаштагы Канат Асанов экени такталган.


Маркумдун аты-жөнү 3-июлда аныкталган. Ал — Канат Асанов 2020-жылдын 9-январында Ынтымак конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон болчу. Туугандары милиция кызматкерлерине кайрылган.


Аны издөө иштерине бир тууганы — 46 жаштагы Кубат Асанов да чыккан. Ал 15-январда агасын издеп чыккан бойдон дайынсыз жоголуп, сөөгү февралдын башында өлүк сактоочу жайда табылган.


Кубат Асановдун жубайы Turmush басылмасынын кабарчысына: «Экөө тең табыла элек. Аламүдүн РИИБге арыз жазганбыз. Алар издеп жатабыз деп айтышты. Кубат жаӊы эле Россиядан келген болчу. Агасын издейм деп кетип, ал дагы жоголду. Экөөнүн теӊ үй-бүлөсү бар. Канаттын бир кыз, бир уулу болсо, Кубаттын 3 уулу бар. Ден соолугу, акыл-эси жайында. Эч кандай бизнеси же көп суммадагы акчасы деле жок. Биринин артынан бири дайынсыз жоголуп кеткенине таӊ калып жатабыз», - деп билдирген.


Булак: АКИпресс

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн