Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Бир жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

24.11.2022 13:32
251
Бир жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

Баңгизат сатканы үчүн бир жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылы Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай айылынын тургуну 1986-жылы туулган М.А.нын жалпы салмагы 2 кг 160 грамм болгон баңгизатын алып коюу боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн.


Натыйжада М.А.ны кармоо мүмкүн болгон эмес, анткени ал баңгизатын катканга жетишип, кылмыш жасалган жерден качып кеткен.


Ошентип соттун чечими менен аталган жаранга издөө жарыяланып, кармалган учурдан тартып камакка алуу чарасы тандалып алынган.


Мындан тышкары, М.А. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган мурда козголгон үч кылмыш иши боюнча ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") айыпталууда.


Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында үстүбүздөгү жылы 17-ноябрда жогорудагы кылмышка шектүү Сусамыр өрөөнүнүн аймагынан кармалып, Жалал-Абад облусунун ИИБнын тергөө кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Азыркы учурда кармалган М.А. аттуу жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы болгон кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн