Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын тергөө абагынан кат жазды. Бул тууралуу Калмаматовдун тарапташтары билдирди.
Маалыматка ылайык, Бактыбек Калмаматов камалгандан бери бир жолу да сурак бере элек. Ал ага карата каралоо болуп жатканын жазган.
Мындан сырткары, Бактыбек Калмаматов Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдыз Жолдошева сыяктуу саясатчыларга каршы көрсөтмө берди деген маалыматты төгүндөгөн.
Ошондой эле, Калмаматов аны колдогон тарапташтарына ыраазычылык билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн