Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бир жумалык "Арсенал" рейдинин жыйынтыгында куралды сактоо эрежелерин бузган 337 жаранга айып салынды

31.12.2021 15:47
618
Бир жумалык "Арсенал" рейдинин жыйынтыгында куралды сактоо эрежелерин бузган 337 жаранга айып салынды


         Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин бузууга жол бербөө, ок атуучу куралдарды колдонуу менен кылмыш жасоону болтурбоо, курал-жарактарды жана ок-дарыларды жүгүртүүгө толук көзөмөлдөө максатында 2021-жылдын 24-декабрынан 30-декабрына чейин “Арсенал” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чаралары уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


         Ар дайым өткөрүлүп жаткан бул иш-чаранын негизги максаты-укук бузуулардын алдын алуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо, курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан укук бузууларга бөгөт коюу болуп саналат. 

         “Курал жөнүндө”, “Жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарын аткаруунун алкагында милиция кызматкерлери жарандар жана уюмдар тарабынан ок атуучу куралдарды сактоо эрежелеринин аткарылышы боюнча бир катар текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Жашаган жеринде ок атуучу куралы бар адамдар текшерүүгө алынды. 

Аталган иш-чарага жалпысынан 2469 ички иштер органдарынын кызматкерлери жана 45 коомчулуктун өкүлдөрү тартылган.

Мергенчилик ок-атуучу куралдардын сакталуусунун эрежелерин текшерүү боюнча, ИИОнын каттоосунда турган 34176 мергенчилерден 4057, жалпы 9976 газ-травматикалык ок атуучу курал ээлеринен 1647 текшерилди. 

Иш-чаранын жыйынтыгында куралдарды сактоо, ташуу, каттоо жана алып жүрүү боюнча белгиленген эрежелерди бузгандыгы тууралуу 337 жаранга протоколдор түзүлүп, 262 бирдик ок атуучу курал убактылуу сактоого алынган жана 170 жаранга айып салынып, 167 жарандарга эскертүү берилди.


Ал эми, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 ок-атуучу курал, 84 даана ок-дарылар алынып, өз ыктыяры менен 20 ок атуучу курал тапшырылды.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн