Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 10:35
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Биргелешкен күзөт иштерин жүргүзөт. Чек арада абал туруктуу

02.12.2021 10:11
602
Биргелешкен күзөт иштерин жүргүзөт. Чек арада абал туруктуу

Баткен облусунун Баткен районундагы Дахма тилкесинде түн тынч өткөнүн УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


2-декабрда саат 9:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.


1-декабрда саат 23:30да Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн, чек арага чектеш райондордун акимдеринин, укук коргоо жана компетенттүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууда Баткен районунун саат 21:15те Дахма участкасында — мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакын жерде Тажикстан тараптан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарган окуя талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгында, коомдук тартипти камсыздоо максатында тараптардын укук коргоо органдары 2021-жылдын 2-декабрынан баштап чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.


Тараптардын чек ара бөлүктөрү кадимки тартипке кызмат өтөөнү улантат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн