Баш оона 22, 2025
Убакыт: 02:09
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Бири банк кызматкери. Чүйдө жасалма паспорт менен банктан 4 млн сом чыгарып кеткендер кармалды

Бири банк кызматкери. Чүйдө жасалма паспорт менен банктан 4 млн сом чыгарып кеткендер кармалды


Бишкектин четинен белгисиз адам жасалма паспорт менен банктын депозиттик эсебинен 4 миллион сом алып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматы билдирди.


2020-жылдын февраль айында Ысык-Ата райондук милициясына банк кызматкери кайрылган. Ал жасалма паспорт колдонуу менен депозиттик эсептен ири суммадагы акчаны чыгарып кеткен кишиге чара көрүүнү өтүнгөн.

Кылмышкер эсептен алгач 350 миң сом, кийинки күнү 3 миллион 845 миң сом алган.

Эки күн мурда шектүүлөр кармалды. Алардын бири мурда банктын филалында иштегени аныкталды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн