Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бири кошуна өлкөнүн жараны. "Хизбут-Тахрир" уюмунун лидерлери кармалды

10.11.2021 14:44
434
Бири кошуна өлкөнүн жараны. "Хизбут-Тахрир" уюмунун лидерлери кармалды

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, уюмдун мүчөлөрү кезектеги жыйынга чогулуу учурунда кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп, ага жаш муунду өстүрүү жана окутуу боюнча экстремисттик "Хизбут-Тахрир" идеологдору тарабынан аталган жыйынга дуушар болгон өспүрүм балдардын тобу катышкандыгы аныкталган.


"Кылмыштуу топтун башчысы коңшу мамлекеттердин биринин жараны болгон. Ал кармалгандар менен бирге УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Жашыруун уячалардын мүчөлөрүнүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда тыюу салынган көп сандагы адабияттар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөр табылып алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн