Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:09
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

«Биримдик» партиясы шайлоого катыша турганын билдирди, - БШК

07.07.2020 22:47
1981
«Биримдик» партиясы шайлоого катыша турганын билдирди, - БШК

«Биримдик» партиясынан шайлоого катыша турганын расмий билдирген кат келип түштү. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди. 

Маалыматка караганда, партия лидери Марат Аманкуловдун колу коюлган билдирүү кат келген.

Аталган партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Камчыбекова Мырза-Айым Афтандиловнаны,  каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Карагулов Арсен Дайырбековичти көрсөткөн.

БШКнын чечимине ылайык, партиялар 8-июлга чейин шайлоого катыша турганын расмий билдириши керек. Ал эми 20-августка чейин талапкерлерди көрсөтүүсү зарыл.

Үгүт иштери 4-сентябрда башталып, 3-октябрда бүтөт. Өлкөдө шайлоо 4-октябрга белгиленген, 7-июлга карата 35 партиядан билдирүү келип түштү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн